Биз жөнүндө
«Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» ачык акционердик коому 2022-жылдын 17-мартында түзүлгөн Кыргызстандын туризм индустриясын туруктуу өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү.
Фонд төмөнкүлөрдү аткарат:
региондордо туристтерди кабыл алуу үчүн инфраструктуранын абалын жакшыртуу;
өлкөбүздүн алыскы аймактарында кошумча жумуш орундарын түзүү;
калктын социалдык жактан аялуу катмарын, тактап айтканда аялдарды окутуу программаларын жана мастер-класстарды өткөрүү аркылуу колдоо, ошондой эле туристтик жайлардын базасында калктын иш менен камсыз болушун жогорулатуу;
калктын билим деңгээлин жана туризм тармагында көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу;
турлардын географиясын кеңейтүү жана жагымдуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү туристтик продуктыларды түзүү;
өлкөгө келген туристтердин санын сапаттык жактан көбөйтүү;
Кыргызстандын имиджин эл аралык аренада көтөрүү.
БИЗДИН ТОП



