КР Туризмди өнүктүрүү фонду менен “Kazakh Tourism” улуттук компаниясы туристтердин агымын көбөйтүү жана инвестициялык долбоорлорго капиталды тартуу боюнча биргелешип иштөөнү макулдашты.
Кызматташуу меморандумуна фонддун биринчи президенти Асылбек Алиев менен Казакстандын улуттук компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Кайрат Садвакасов кол коюшту. Салтанаттуу иш-чара Астанада Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон иш сапарында өткөн кыргыз-казак бизнес форумунун алкагында өттү.