top of page

Лондондогу көргөзмөдө Кыргызстандын жаратылышы даңазаланмакчы

Лондондогу World Travel Market көргөзмөсүндө Кыргызстандын жаратылышын даңктаган павильон ачылды. Аталган Эл аралык көргөзмөгө Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду үчүнчү ирет катышууда.

Фонддун негизги максаты – Кыргызстанга дүйнө жүзүнөн келген туристтердин агымын көбөйтүү, инвестицияны туристтик объектилерге тартуу, туристтерге мыкты шарттарды түзүү жана Кыргызстандын туристтик операторлоруна салык, инвестициялык шарттарды түзүп берүү болуп саналат.


Буга чейин мындай көргөзмөлөргө Кыргызстандагы жеке менчик туристтик операторлор өз алдынча катышып келсе, Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду ачылгандан бери бул сыяктуу көргөзмөлөргө өзгөчө көңүл бөлүнүүдө. Бул жеке менчик туристтик операторлорду кубандырууда. Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду менен биргеликте иш-чарага Кыргызстандан алты туристтик оператор катышууда.

Борбор Азия мамлекеттерине салыштырмалуу, Кыргызстандын көргөзмөсү мамлекеттик желектин түсүнө кооздолуп, Кыргызстандын расмий аты колдонулуп өзгөчөлөнүп турат. Эл аралык иш- чарага катышууга Кыргызстандын Лондондогу элчилиги Улан Жусупов, Кыргызстандын консулу Баатыр Кадыркулов колдоо көрсөтүштү.


Белгилей кетсек, Европа мамлекеттери жана дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү катышкан көргөзмө биринчи Лондондо, экинчиси Берлинде болот. Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду Берлиндеги көргөзмөгө март айында катышат.

Иш- чаранын алкагында Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду эл аралык, чет өлкөлүк туроператорлорду маалыматтык семинарга чакырды. Семинарда өлкөнүн туризм сектору боюнча видеоролик, презентация көргөзүлмөкчү. Семинардын негизги максаты- эл аралык туроператорлор менен биргеликте меморандум түзүү жана туроператорлор менен кызматташууга шарт түзүү.


Семинарды Кыргызстандын Лондондогу элчилиги Улан Жусупов, Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талипова ачып берет. Көргөзмөдө сүрөтчү Самат Ишенбековдун калемине таандык сүрөттөр көргөзүлмөкчү.

29 views0 comments
bottom of page